Төрөттөн кийин дароо 40 килограммга арыктаган аял сыры менен бөлүштү

Арыктаган аял бала кезинен эле ашыкча салмак менен жабыркап келгенин айткан. Өтө толуп кеткенде 112 килограммга жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Австралиянын жашоочусу Леа Фрагомени бир жылда 40 килограмм арыктаганын 7News жазды.
Фрагомени бала кезинен ашыкча салмак менен жабыркап келген. Өтө толуп кеткенде 112 килограммга жеткен. Эгиз балдарын көтөрүп жүргөндө кыймылдаганда кыйналып, көз жаргандан кийин да толуп кеткен. Мындан улам арыктоону чечкен.
Кайсы курактан тарта арыктоого болбойт. Адистин сунушу
Австралиялык аял колдонгон калориясын эсептеп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасай баштаган. Ал азыраак иштетилген, кээде такыр эле иштетилбеген азыктарды колдонгонго аракет кылат.
Леанын күнүмдүк нормасы 1 500 калория. Ал быштак, мөмө-жемиш жана грек жаңгагы кошулган йогурт, тоок эти же тунец балыгы менен салат, жашылча-жемишти жейт. Кээде макарон, күрүч же картошка колдонуп коет.
Салмагы 72 килограммга жеткен аял бир топ жеңилдеп, өзүн ишенимдүү сезип калганын жазган.