Португалия футбол курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналдунун Сербиянын дарбазасына киргизген голу эсепке алынбай калды. Оюндун жыйынтыгына нааразы болгон португалиялыктардын лидери капитандык лентасын жерге ыргытып кетип калганын Р-Спорт жазды.
2022-жылга белгиленген футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Сербия менен Португалиянын беттеши кечээ Белградда өттү. Оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Экинчи бөлүккө берилген кошумча үч мүнөттүн акыркы секундаларында (эсеп 2:2 болуп турганда) Роналду тепкен топ дарбаза сызыгын кесип өткөндөн кийин сербиялыктардын коргоочусу кайтарган.
Роналду гол болгонун белгилөөнү талап кылып, каптал калысына чуркап барган. Аны бул аракети үчүн башкы калыс сары айып кагазы менен жазалаган.
Беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Анын жыйынтыгына нааразы болгон Роналду оюн талаасынан чыгып бара жатып колундагы капитандык лентасын жерге таштап салды.