Тоголок Молдого арналган айтышта 12 акын күч сынашмай болду

Тандоо туру кечээ Коомдук телерадио корпорациясынын концерттик залында өттү. Ага 42 төкмө катышып, арасынан 12си тандалып алынган. Айтыш Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда бүгүн өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Айтылуу акын Тоголок Молдонун 160 жана "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган айтышта 12 акын күч сынашмай болду. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Тандоо туру 26-март күнү Коомдук телерадио корпорациясынын концерттик залында өтүп, ага 42 акын катышкан. Натыйжада 12си тандалып алынды.
Эскерте кетсек, айтыштын байге фонду бир миллион сом.