Садыр Жапаров шайлоого катышчу кыз-келиндерди колдоп көчөт отургузду

Өлкө башчы айылдык кеңештердеги орундардын 30 пайызын аялдар үчүн калтыруу айылдык кеңештердеги аялдардын санынын өсүшүнө алып келерине үмүт артты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров аялдардын шайлоого активдүү катышуусун колдоо максатында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге "Ынтымак" сейил багына көчөт отургузганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара "Кыргызстанды бирге өнүктүрөбүз!" деген ураан астында өткөн. Ага Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман катышты.
1 / 5
Президент Садыр Жапаров аялдардын шайлоого активдүү катышуусун колдоо максатында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге "Ынтымак" сейил багына көчөт отургузду
2 / 5
Иш-чара "Кыргызстанды бирге өнүктүрөбүз!" деген ураан астында өткөн.
3 / 5
Ага Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман катышты.
4 / 5
Мамлекет башчысы өз сөзүндө аталган иш-чара жарандардын өлкөнүн саясий турмушуна катышууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин символдоштуруп турарын белгиледи.
5 / 5
Президент айылдык кеңештердеги орундардын 30 пайызын аялдар үчүн калтыруу айылдык кеңештердеги аялдардын санынын өсүшүнө алып келерине үмүт артты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө аталган иш-чара жарандардын өлкөнүн саясий турмушуна катышууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин символдоштуруп турарын белгиледи.
Президент айылдык кеңештердеги орундардын 30 пайызын аялдар үчүн калтыруу айылдык кеңештердеги аялдардын санынын өсүшүнө алып келерине үмүт артты. Анын натыйжасында жергиликтүү деңгээлде чечим чыгаруу маалында гендердик теңчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.
"Жапаров бийликтин бардык деңгээлдеринде аялдарды колдоо өлкөнү ийгиликтүү өнүктүрүүнүн чечүүчү өбөлгөсү болорун белгиледи. Ал аялдардын үй-бүлөгө эле камкордук көрүү менен чектелбегенин, аймактар үчүн да кам көрүүгө умтулуп жатышын колдой турганын билдирип, алардын бакубатчылыкты алып келүүгө, социалдык жоопкерчиликти көтөрүүгө салымы зор экенин кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.
Президент белгилегендей, кыргыз элинин тарыхында аялдарды жана алардын укуктарын ар дайым урматтап келишкен, буга Курманжан датка менен Кыз Сайкалдын мисалдары далил болгон, ал тургай аскерлерди эркектер менен бирдей жетектеген. Анын айтымында, квота бөлүштүрүү эл өз тарыхын унутпагандыгын жана укуктарын сактап, аялдарга урмат көрсөтүүсүн улантып жаткандыгын билдирет.
"Бүгүнкү биз отургузган кѳчѳттѳр өлкөнүн аймактарынын дүркүрѳп ѳнүгүшү менен тең жарыша ѳсѳт деп ишенем", — деген президент.
Партияны эмес, депутатты тандасын. ЖКда шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды
Ошондой эле Садыр Жапаров БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдү, Германия, Корея, Россия, АКШ, Түркия, Швейцария, Япония өкмөттөрүн жана башкаларга шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган Кыргызстандын күч-аракеттерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга ылайык, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн орундун 30 пайызын резервдөө кепилдендирилген. Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. 7 560 мандаттын 2 943ү аялдарга берилмекчи.