Новиков: чектөө кирбейт, бирок санитардык көзөмөл күчөтүлөт

Новиков Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги оорулуулардын көбөйүшү ыктымалдуулугунан улам медицина мекемелеринин даярдыгын дайым текшерип турушу шарт экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Өлкө аймагында азырынча чектөө киргизилбейт, бирок эл көп чогулган жерде санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлөт. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер Артём Новиков жыйында бергенин Республикалык штаб кабарлады.
Алматыда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы аныкталды
Жыйында Новиков Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги оорулуулардын көбөйүшү ыктымалдуулугунан улам медицина мекемелеринин даярдыгын дайым текшерип турушу шарт экенин белгилеген.
"Коронавируска кабылгандар дүйнө жүзүндө көбөйүп жатат, коңшу өлкөлөрдө чектөөлөр киргизилүүдө. Биздин саламаттык сактоо уюмдары баарына даяр болушу керек. Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык штаб берген бир катар тапшырмаларды аткарбай жатат. Ведомство биринчи кезекте медицина мекемелеринин дары-дармек, коргонуучу каражат, жабдуу менен камсыздалышын көзөмөлдөшү керек. Ар бир жетекчиден жоопкерчиликти сезүүсүн өтүнөм. Былтыркы каргашада кетирилген кемчиликтерден сабак алышыбыз керек", — деди Новиков.
Биринчи вице-премьер бет кап тагынуу талабы күчөтүлөрүн белгиледи.
"Биз элди дары-дармек, адистер менен камсыздайбыз, бирок жарандар дагы аң-сезимдүү болуп санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы кажет", — деди ал.
Жыйын жыйынтыгы менен бир катар тапшырмалар берилди.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги күн сайын өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө Кыргызстанга чет жактан келген жарандар тууралуу маалымат берип турууга милдеттендирилди;
Ал эми өкмөттүн өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына коронавируска шектелип кайрылган жарандарга көзөмөлдү күчөтүү, зарыл учурда ооруканага жаткыруу аракеттерин көрүү тапшырылды.