Жапаровдун маалымат катчысы президенттин эмделиши боюнча үн катты

Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровго коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок экендигин Sputnik агенттигине билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Галина Байтерек президентти эмдөө маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, лабораториялык кан анализдери Садыр Жапаров буга чейин ооруп айыккандыктан коронавирус инфекциясына каршы антителолор жетиштүү көлөмдө экенин көрсөткөн.
"Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда президентке эмделүүнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет", — деди Галина Байтерек.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат
Президенттин маалымат кызматы коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта баштала турганын белгилеп, вакцинаны саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчи болуп сайдырарын кошумчалады.
Кечээ министр Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровго коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок экендигин Sputnik агенттигине билдирген болчу.