Марипов Өзбекстандагы этникалык кыргыздар менен жолукту. Сүрөттөр

Учурда Өзбекстанда 300 миңден ашуун кыргыз жашайт. Жалпысынан өлкөдө 55 жалпы билим берүүчү кыргыз мектеби бар, анын 14ү толук кыргыз тилдүү болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга жумушчу сапары менен барып Жизак районунун Манас айылында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6
Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга жумушчу сапары менен барып Жизак районунун Манас айылында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жолугушту
2 / 6
Марипов кандаштарга президент Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоп, кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын аяр сактагандыгы үчүн аларга ыраазычылык билдирди
3 / 6
Диаспора өкүлү Рахматулла Жаббанов учурда Өзбекстанда 300 миңден ашуун кыргыз жашай турганын билдирди
4 / 6
Анын айтымында, жалпысынан өлкөдө 55 жалпы билим берүүчү кыргыз мектеби бар, анын 14ү толук кыргыз тилдүү болуп саналат
5 / 6
"Борбордон ыраак жайгашкан Манас айылы өткөн кылымдын 60-жылдары пайда болгон
6 / 6
Бүгүнкү күндө анда 6,5 миңден ашуун адам жашайт
Марипов кандаштарга президент Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоп, кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын аяр сактагандыгы үчүн аларга ыраазычылык билдирди.
"Тилекке каршы, программанын жыштыгына байланыштуу айылга бара албай калдык, сиздердин аман-эсен экениңерди көрүп, бакубат жашооңуздардан кабар алып сүйүнүп турабыз. Этникалык кыргыздар жашаган айылды өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө чоң көңүл буруп жаткан Өзбекстандын жетекчилигине ыраазычылык билдиргим келет", — деди Марипов.
Диаспора өкүлү Рахматулла Жаббанов учурда Өзбекстанда 300 миңден ашуун кыргыз жашай турганын билдирди. Анын айтымында, жалпысынан өлкөдө 55 жалпы билим берүүчү кыргыз мектеби бар, анын 14ү толук кыргыз тилдүү болуп саналат.
Диаспора өкүлү Рахматулла Жаббанов (оң жакта)
"Борбордон ыраак жайгашкан Манас айылы өткөн кылымдын 60-жылдары пайда болгон. Бүгүнкү күндө анда 6,5 миңден ашуун адам жашайт. Биз жеке жолугушуу жана кеңири маектешүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазыбыз. Баары жетиштүү, биз үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жалпысынан Өзбекстанда 55 жалпы билим берүүчү кыргыз мектеби бар, анын 14ү толук кыргыз тилдүү болуп саналат. Мамлекет башчынын Өзбекстанга жасалган сапарынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу болот деп ишенебиз", — деди Жаббанов.
Кыргызстан менен Афганистан Памир кыргыздарынын жашоосун жакшыртарын айтты
Премьер-министр кыргыз диаспорасынын сунуш-пикирин угуп, кызыктырган суроолорго жооп берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында Жизак облусунун Манас айылындагы "Маржан" көркөм ыр-бий ансамбли тарыхый мекенине келмекчи.
Эске салсак, Марипов Ташкент шаарына эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышуу үчүн келген.