БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. АКШнын Чикаго шаарынын тургуну Уитни Буха ботокс жасаткандан кийинки кебетесин көрсөттү. Аялдын косметологдон келген видеосу соцтармакта вирус сымал тарап жатат.
The Sun басылмасы билдиргендей, процедура учурунда дарыгер адашып, көтөрүлүп турган булчуңга ботокс сайып алган. Натыйжада косметологго барган аялдын эки көзү эки башка болуп калган.
"Ботокс филлерден айырмаланып турат. Аны мөөнөтүнөн мурда аралаштырып, организмге кое бербеш керек. Мен эми "жакында баары калыбына келет" деп үмүттөнүп, күтүп отурушум керек. Бул бир нече айга чейин созулушу ыктымал", — деген жабырлануучу.
Видеонун алдына колдонуучулар ушуга окшош окуяларды жазышкан.
"Курбум дал ушундай учурга туш болгон. Ал баары калыбына келгиче беш ай күткөн", — деп жазган бир аял.
"Мен дагы ботокс сайдыргам. Косметолог венага сайып алып, үч ай айлам куруган. Анткени өмүрүм үчүн корктум", — деп жазган башкасы.
Улуу Британия тургуну Оливия Макканн да дарыгердин кайдыгерлигинен жабыркагандардын катарында. Ал өз ишин жакшы билбеген косметологго барып алып, жыйынтыгында анын эриндери процедурадан кийин үч эсе чоңоюп кеткен.