Садыр Жапаровго COVID-19га каршы эмделүүнүн кажети жок. Министр себебин айтты

Дүйшөмбү күнү өлкөдө вакцинациянын биринчи этабы башталат. Алгач Бишкек жана Ош шаарлары менен Чүй облусунда жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровго коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок. Мындай пикирин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттиги менен сүйлөшүп жатып билдирди.
Анын айтымында, Жапаров ооруп айыккан, мындан улам 9-9,5 көрсөткүчүндөгү антителосу бар.
"Ага вакцина сайдыруунун кажети жок, анткени реакция жүрүп кетиши толук мүмкүн. Президенттин организминде антитело иштелип чыккан. Мен муну медик катары да, саламаттык сактоо министри катары да айтып жатам", — деди Бейшеналиев.
Эскерте кетсек, 29-март күнү өлкө боюнча эмдөөнүн биринчи этабы башталат