БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында муниципалдык унаа базары бүгүндөн тарта ишке кирип, соода жүрүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматта базар "Спутник" кичи шаарчасындагы Манас көчөсүндө жайгашканы айтылат. Бүгүн кирген автоунаалардан акы талап кылынган эмес.
"Базар 3,5 гектардан ашык аянтты ээлейт. Азырынча толук шарт түзүлүп бүтө элек. Алдыда электрондук система менен төлөм жүргүзүүгө ыңгайлашып, жолдорго асфальт төшөлөт", — деп жазылат билдирүүдө.
Базарга төрт жактан кирип чыгууга болот. Азырынча буга чейинкидей тартип менен бейшемби күнү унаа базары деп бекитилди. Соода жайына болжол менен 2 200дүн тегерегинде машина батат.
Базардан түшкөн каражат шаардык бюджетке багытталмакчы.