Партияны эмес, депутатты тандасын. ЖКда шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды

Бюллетенге партиянын аталышы жана анын мүчөлөрүнүн тизмедеги номери жазылат. Шайлоочу өзү жактырган талапкерге добуш берет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Анын демилгеси бүгүн парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилип, биринчи окууда каралары күтүлүүдө.
"Преференциалдык шайлоо ыкмасы бир мандаттуу шайлоонун да ролун аткарат десек болот. Экинчиден, эл бир партияны эмес, анын тизмесиндеги өзүнө жаккан талапкерди тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, 90-катарда турган талапкер көп добуш алса, мандат берилет. Муну менен партия лидерлеринин кызыкчылыгына да бөгөт коюлат", — деди Сулайманов.
Депутат Алтынбек Сулайманов сунуштап жаткан бюллетендин үлгүсүн көрсөттү
Эл өкүлү бюллетенге партиянын аталышы жана анын мүчөлөрүнүн тизмедеги номери (аты-жөнү жазылбайт) жазыларын айтты. Ошону менен катар ал сунушталып жаткан бюллетендин үлгүсүн көрсөттү.