Эски аянттагы митингчилер аткаминердин тамекисин өчүртүштү. Видео

Акциянын катышуучуларынын алдына өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча бөлүм башчысы чыгып сүйлөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдындагы митингчилер аткаминердин жерге таштап койгон тамекисин өчүрттү.
Жерди мыйзамдаштырып бергиле! Митингчилер Жапаровдун чыгышын талап кылууда
Митингчилердин алдына өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча бөлүм башчысы Сүйүнтбек Аликеев чыкты. Эл менен сүйлөшүү учурунда ага "байке, тамекиңизди өчүрүп койбойсузбу" деп кайрылышты. Аткаминер буга чейин ыргыткан тамекисин өчүрүп, жерден алып койду.