Кыргызстанда коронавируска каршы биринчи ким эмделери белгилүү болду

Өлкөдө вакцинациянын биринчи этабы келе жаткан дүйшөмбү күнү башталат. Алгач кызыл зонада жана бейтапканаларда иштеген медиктер, тез жардам дарыгерлери, социалдык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү эмделмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделет. Бул тууралуу маалыматты министр өзү тастыктады.
Эскерте кетсек, республикада вакцинация 29-мартта башталып, алгач Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда жүрөт. Бул үчүн Кытайдан SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келинген. Бул 75 миң кишиге жетет.
"Дүйшөмбү күнү саат 09.00дө вакцина сайдырам. Коронавирус менен ооруган эмесмин, антитело жок", — деди министр.
Вакцинациянын биринчи этабында кызыл зонада жана бейтапканаларда иштеген медиктер, тез жардам дарыгерлери, социалдык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү эмделмекчи.
Вакцина төмөнкү даректерде жасалат: