Кыргызстан менен Өзбекстан керектүү учурда электр энергиясын алмашат

Коңшулар Кыргызстанга быйылкы жылдын март-октябрь айларында жана 2022-жылдын март-апрелинде электр энергиясын берсе, Кыргызстан аны 2021 жана 2023-жылдардын июнь-август айларында кайтарып берет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан керектүү учурларда бири-бирине электр энергиясын берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.
"Токтогул суу сактагычында сууну топтоп, 2021-2023-жылдар аралыгында Өзбекстанды сугат суу менен камсыздоо үчүн эки өлкө шарттуу баада 750 миллион кВт саат электр энергиясын алмашуу боюнча сүйлөштү", — деп айтылат билдирүүдө.
Тагыраагы, коңшулар Кыргызстанга быйылкы жылдын март-октябрь айларында жана 2022-жылдын март-апрелинде электр энергиясын берсе, Кыргызстан аны 2021 жана 2023-жылдардын июнь-август айларында кайтарып берет.