Чуркап баштагандан кийин эки жылдан соң ден соолугум чың экенин билдим. Бул тууралуу Оболбек Осмонбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул спорт менен алектенгенге чейин дарыгерлер жөө күлүктүн бир топ оорусу бар экенин айтышкан.
"Улакчылар улак тартмайын жүрө албайт эмеспи. Ошол сыяктуу эле чуркоо адат болуп калат. Ансыз тура албай каласың. Чуркап баштаганга чейин ден соолугумду текшерткем. Дарыгерлер бир топ оору бар экенин белгилеп, дарылануумду айтышкан. Анан бул спорт менен алектенген эки жылдан кийин текшерилсем, ал дарттын дээрлик баарысы жок болуп чыкты. Соңку учурда ашыкча салмак коомдун көйгөйүнө айланды. Чуркоо менен андан арылууга болот. Ошондой эле чуркоо бул бардык спорттун башаты болуп саналат. Ошондуктан адамдарга чуркоого чакырык таштап кетким келет. Өзүм болсо былтыр алыс аралыкка биринчи жолу Ат-Башыдан Бишкекке чуркап келгем. Буга беш сутка кеткен. Эми борбор калаадан Ошко жети күндө жетем деп пландап жатам", — Осмонбеков.
Марафончу Ошко чуркоону 25-мартта баштаарын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз.
Ал эми жөө күлүктүн толук маегин окуп алсаңыз да болот.