"Азиялыктарды жектөөнү токтоткула!". АКШдагы нааразычылык акциясынан 11 сүрөт

Sputnik

Массалык толкундоолордун чыгышына Атлантада сегиз аялдын өлтүрүлүшү себеп болгон. Маркумдардын алтоо азия тектүүлөр эле. Окуя өткөн аптада катталып, полиция кылмышка шектүү 21 жаштагы Роберт Аарон Лонгду кармаган. Ал жасаган ишин мойнуна алган, бирок кылмыш расалык жек көрүүдөн улам болбогонун айткан.

АКШ: Колорадодо дүкөндөн 10 адам атып өлтүрүлдү. Шектүүнү колго түшүргөн видео
Деген менен бул окуя АКШда расалык мамиле тууралуу теманы козгогон. Нааразычылык акциялары Сан-Франциско, Питтсбург, Сан-Антонио (Техас штаты) жана Чикаго аймактарында өткөн. Жоржия штатындагы Капитолийдин жанына жана Нью-Йорктогу Таймс-скверге жүздөгөн адамдар чогулган.

Демонстранттар "Азиялыктарга карата жектөөнү токтоткула!" деген жазуусу бар плакаттарды кармап алышкан. Көпчүлүгү Американын желегин желбиретишсе, өтүп бара жаткан унаалар сигнал басып аларды колдоп-коштогон.

1 / 11
Азиялыктарга карата басмырлоого каршы массалык акциялар АКШнын бир катар шаарларында өттү
2 / 11
Сүрөттө Вашингтон шаарында акцияга катышкан бала "Мен АКШны жакшы көрөм! Азиялыктарга карата жек көрүү мамилесин токтоткула!" деп жазылган плакатты кармап турат.
3 / 11
Женис Зан муниципалдык кеңешинин мүчөсү Вашингтондогу Даунтаун паркында нааразычылык билдирип чыккандарга кайрылып жатат
4 / 11
Жүздөгөн эл өз жүрөгүнүн сокконун тыңшап жатат. Мындай адаттан тыш көрүнүштү Альгамбра (Калифорния) шаарында акцияга чыккандар уюштурушту.
5 / 11
Хьюстондогу Discovery Green паркындагы акцияда плакаты менен турган киши
6 / 11
Массалык акциялардын чыгышына Атлантада сегиз, анын ичинде алты азиялык аялдын өлтүрүлүшү себеп болгон
7 / 11
Сан-Францискодо митингге чыккандар кытай кварталы аркылуу жүрүш жасашты. Сүрөттө: бийчилер тобу ажыдаар бийин аткарып жатышат.
8 / 11
АКШ полициясы акыркы маалда азиялыктарга кол салган көрүнүш көбөйгөнүн билдирет. Муну акыркы статистикалык маалыматтар тастыктап турат.
9 / 11
Демонстранттар "Жек көрүү - бул вирус" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушат
10 / 11
Массалык акцияларга жаш балдар да катышкан
11 / 11
Хьюстондун Discovery Green паркындагы акцияга катышкан кыз "Азиялыктарды жек көрүүнү токтоткула!" деп жазылган плакатты кармап турат. Бул шаарда нааразычылык акциясы 20-мартта өткөн