Путин коронавируска каршы вакцина сайдырды

Президенттин маалымат катчысы Песков мамлекет башчысы өзүн жакшы сезип жаткандыгын, эртең ишке толук чыгарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Владимир Путин коронавируска каршы вакцина алды. Бул туурасында анын маалымат катчысы Дмитрий Песковго таянып РИА Новости жазды.
Кремль өкүлү мамлекет башчысы өзүн жакшы сезип жаткандыгын, эртең ишке толук чыгарын айтты.
Путин вакцина алуу туурасындагы пландарын мындан бир нече күн мурда билдирген эле. Анын администрациясы президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.
Песков Кремль мамлекет башчынын эмдөөдөн өтүп жаткан видео жана сүрөтүн таратпай тургандыгын билдирди.
Кемшейип, коркуп, чакчайып... Коронавирустан эмделгендердин реакциясы сүрөттө
Россия буга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак деп аталган үч вакцина чыгарды.
"Спутник V" —коронавируска каршы иштелип чыккан дүйнөдөгү биринчи вакцина. Аны Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары ойлоп тапкан.
"ЭпиВакКорона" — COVID-19га каршы Россияда катталган экинчи препарат. Ал Новосибирскидеги "Вектор" борборунда түзүлгөн.
Үчүнчү вакцина — "КовиВакты" Россиянын Илимдер академиясынын иммунобиологиялык дары-дармектерди изилдөө жана иштеп чыгуу менен алектенген Чумаков атындагы илимий борбор жасап чыккан.