Кайсы витамин жаштыкты сактоого жардам берет? Диетологдун кеңеши

Адистин айтымында, К витамини көбүнчө жашыл азыктарда болот. Аларга шпинат, латук салаты (чөп), капуста, көк-сактар кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. К витамини жаштыкты сактоодо маанилүү элемент болуп эсептелет. Бул тууралуу диетолог Инна Пичугина билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, К витамининен организмдеги көп процесстер көз каранды.
"Бул майды эритүүчү витаминдердин катарына кирет. Элемент кандагы белокторду синтездеп, кансыроо болгондо аны басууга жардам берет", — деген диетолог.
Радио
Дүйшөнкулова: адам күн сайын 400 граммдай жашылча-жемиш жеши керек
Адистин айтымында, К витамини көбүнчө жашыл азыктарда болот. Аларга шпинат, латук салаты (чөп), капуста, көк-сактар кирет. Мындан сырткары, аталган витамин боордо да бар.
"Аталган элемент бөйрөктүн ишин жакшыртып, сөөктөрдү бекемдейт. К витаминин балдарга көп берген жакшы. Анткени алар сөөктү жакшы өстүрөт", — деген Пичугина.
Адис сулуулук менен жаштык К витамининен көз каранды экенин айтып, аны жетиштүү көлөмдө колдонсо, иммундук система да туруктуу болорун белгилеген.