Новиков: 1-апрелде Бишкекти чулгаган ыштан арылуу иштери башталышы керек

Новиков 1-сентябрга чейин Бишкектеги таштанды полигону жабылып, акыр-чикир рекультивациялык жайга көмүлүшү керектигин да белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ушул жылдын 1-апрелине чейин Бишкекти каптаган ыштан арылуу боюнча план бекитилип, иштеп башташы керек. Бул туурасында биринчи вице-премьер Артём Новиков экологиялык коопсуздук боюнча кеңешмеде белгиледи.
1 / 2
Ушул жылдын 1-апрелине чейин Бишкекти каптаган ыштан арылуу боюнча план бекитилип, иштеп башташы керек
2 / 2
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Новиков жыл сайын кышында жаралган ыш көйгөйү боюнча маселеге токтолгон.
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Новиков жыл сайын кышында жаралган ыш көйгөйү боюнча маселеге токтолгон.
"Кышында Бишкек ышка кандай чулганары эсиңиздердеби. Мындай кырдаал жыл сайын кайталанат, бирок биз кышында гана эстейбиз. Быйыл январда жакынкы үч жылда борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу планы кабыл алынган. Коомдук уюмдар жана эко-активисттер менен кеңешип, ал планды дагы мыктылап, негизги иштерди жүзөгө ашырууга макулдашканбыз. 1-апрелде план бекитилип, аткаруу иштери башталышы керек", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров экология боюнча жарлыкка кол койду. Өкмөткө берилген сунуштар
Мындан сырткары, ал 1-сентябрга чейин Бишкектеги таштанды полигону толугу менен жабылып, 35 гектар аянттагы акыр-чикир рекультивациялык жайга көмүлүшү керектигин белгилеген.
Мындан сырткары, биринчи вице-премьер Боз-Бөлтөк аймаганда 60 гектар жерге этнокомплекс жана парктарды уюштуруу иштерин баштоого тапшырма берди. Аны менен катар курулуш иштеринде экологиялык принциптерди сактоого жана жаңы конуштарга газ жеткирүүнү колго алуу маселесин көтөргөн.