БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жумгалда ферганалыктардын жардамы менен көмүрдүн күлүнөн жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу май өндүрүп чыгаруу аракеттери көрүлмөкчү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, өткөн аптада өкмөттүн өкүлү баштаган "Нарын" эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги жана ар тармакта иш алып барган ишкерлерден турган расмий топ Өзбекстандын Фергана облусунда болуп кайтышты.
Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Бакыт Жээналиев аталган сапардын алкагында Өзбекстандын Ташлак районунун акими Абдукаххор Джурабаев менен макулдашууга кол койгон.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Фергана Жумгал районуна 100 гектар аянтка алча, беш гектарга лимон багын өстүрүүгө, "Нарзан" суусун иштетип экспорттоого, 300 орундан кем эмес тигүү фабрикасын курууга, малды семиртип, этти экспорттоого колдоо көрсөтөрү белгилүү болгон.
Мындан сырткары, көмүрдүн күлүнөн жер семирткич жана күйүүчү, майлоочу май өндүрүп чыгаруу боюнча да сунуштар айтылган.
"Инвесторлорго шарт түзүп берүү мүмкүнчүлүктөрү каралып, сүйлөшүлгөн пландарды ишке ашыруу аракеттери көрүлмөкчү", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Олтиарыктагы айнек заводго Кочкордон ак таштын сырьёсун экспорттоо макулдашылган.