БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. АКШнын Колорадо штатынын Боулдер шаарында супермаркетте белгисиз адам жай тургундарга ок атып, жыйынтыгында 10 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция жетекчиси Марис Херольддун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, көз жумгандардын бири күч түзүмүнүн өкүлү. Буга чейин ЖМКлар алты адам кайтыш болгонун жазышкан.
"Жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. 10 адам көз жумду", — деген Херольд.
Полиция кылмышка шектүү кармалганын кошумчалады. Маалым болгондой, ал дагы жабыркаган.
РИА Новостиге жарыяланган видеодо көрүнүп тургандай, укук коргоо органдары жылаңачтанган шектүүнүн колун бууп, кармап баратышат. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки АКШ президентине окуя тууралуу кабар берилгенин белгиледи.