Бусурманкул Абдибаит уулу Хабибдин турнирин көркүнө чыгарды. Толук видео

Мыкты шоунун урматына уюмдун тарыхында алгачкы жолу кыргыз мушкери менен атаандашына 100 миң рублден акчалай бонус берилди.
Sputnik
Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Хабиб Нурмагомедовдун Eagle FC лигасында кызыктуу беттеш өткөрдү.
Анын кармашы суктанарлык болгонун промоушендин президенти Шамил Завуров да белгилеп, кезектеги мелдеште титулдук наам үчүн беттешке чыгып калышы да мүмкүн экенин кыйыткан. 
Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык Владислав Королевский менен октагонго чыгып, калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган. Ал эми кармаш кеченин мыкты беттеши аталды.
Сулата тээп, жыга чапкан кыргызстандык ММА мушкерлеринин нокауттары
Анын урматына уюмдун тарыхында алгачкы жолу кыргыз мушкери менен атаандашына 100 миң рублден акчалай бонус берилди.
Бусурманкул Абдибаит уулу буга чейин М-1 Global промоушенинде беттештерге чыгып келген. Ал ушул жылдын башынан бери UFC мушкерлери кыргызстандык Рафаэль Физиев, россиялык Петр Яндын менеджери Саят Абдрахманов менен кызматташа баштаган эле.