Оюндун биринчи бөлүгүндө атаандаштар тай казанга бирден улак салууга жетишти. Оюндун экинчи бөлүгүндө "Жети-Өгүздүн" оюнчусу Руслан Чыныбек уулу жекеме-жекеден улакты эңип чыккан. Ошол учурда каршылашы Ниязбек Мадалбек уулу капталдан урдуруп, атаандашы аттан кулап түштү. Катуу жаракат алган оюнчуга медиктер чакыртылып, аны тез жардам унаасы алып кетти.
Ал эми үчүнчү таймдын бүтөрүнө 2 мүнөт калганда "Кара-Буура" командасы бир салым жасап, жеңишти колдон жулуп кеткендей болду.
Натыйжада 2:1 эсеби менен утуп, биринчи орунду камсыздады.
Биринчи лигада жалпы жонунан 21 бир команда күч сынашты. Байге фонду төмөнкүчө болду:
Бул мелдештер көк бөрү легендалары Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналып, "Ачык чемпионат" деген аталыш менен уюштурулду.