"Достук" менен "Ынтымактын" кыл чайнашы. Кан дүргүткөн буллиттин видеосу

Көк бөрү боюнча республикалык турнирдин финалында беттешкен "Ынтымак" менен "Достук" командалары негизги оюнда 4:4 эсеби менен тең чыкты.
Sputnik
Мындан улам жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Ал оюнда дагы эки команда тең эсепти өзгөртө алган жок.
Улактын териси сыйрылгыча тартышты. Бүйүр кызыткан көк бөрү финалынан 17 сүрөт
Нооруз майрамына карата уюштурулган бул мелдеш көк бөрү легендалары Болот Шер, Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналды.