Үч бөлүктөн турган негизги оюнда эки команда тең бири-бирине катуу айбат көрсөтүп 4:4 эсеби менен тең чыкты. Мындан улам жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Деген менен мында дагы эсеп саны өзгөргөн жок.
Андан соң оюндун шарты боюнча буллит дайындалды. Бирок анда кан-жанын аябай ойногон тажрыйбалуу улакчылар атаандашына жөн гана утулуп берген жок. Биринин артынан бири тай казанга улак ыргытып жатты. Акыры алтынчы улакты салганда "Достуктун" оюнчусу жаза басты. Натыйжада 6:5 менен "Ынтымак" командасы жеңүүчү аталды.
Нооруз майрамына карата уюштурлган бул мелдеш көк бөрү легендалары Болот Шер, Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналды.