БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден вице-президент Камала Харристи Атлантадагы Илдеттерди алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун адистерине тааныштырып жатып, "менден акылдуу" деп айтты. Бул тууралуу Ак үйгө шилтеме берип РИА Новости жазды.
Жорджия штатына барган учурда ал эл алдына чыгып сүйлөгөн соң сөздү дароо эле Харриске берсе болмоктугун айтты.
"Мен мындай кылбашым керек эле. Алгач сөздү менден акылдуу вице-президентиме берейин деп ойлоп келгем", — деди Байден.
Ал эми Харрис тамаша иретинде "кошумчалай турган эч нерсеси жок экенин" билдирди.
Камала Харрис Байден президенттикке келгенде вице-президент болуп дайындалды. Ал — Американын тарыхында саясатта мынчалык чоң кызматты ээлеген Түштүк Азия тектүү биринчи кара терилүү аял.