БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Узак жашоону жашылчалар, деңиз азыктары, балык, сарымсак баштаган азыктар камсыздайт. РИА Новости бул туурасында дарыгер Александр Мясниковдун айтканына таянып жазды.
“Биз бул туурасында көп жолу сөз кылып, бир нече азыктын атын атаганбыз”, — деп белгилеген дарыгер.
Адис ар бир адамдын тамактануусунун негизин түзүшү керек делген азыктар боюнча илимий изилдөөнүн маалыматтарын айтып берген.
“Алар: жашылчалар, деңиз азыктары, балык, бир аз кызыл вино, жаңгактын түрлөрү, миндаль, кара шоколад жана сарымсак”, — деди ал.
Адис аталган азыктардын өмүрдү узартуу касиети далилденгенин белгилеген. Ал жөн гана зыяндуу же пайдалуу азыктар деген болбостугун, негизинен адамда туура жана туура эмес тамактануу образы калыптангандыгын айтты.
Мясников узак жашоонун башкы фактору адамдын генине байланыштуу болорун кошумчалады