Бүгүндөн тарта Түркиянын туристтер барган жайлары катуу текшерилет

Мындай чечимдин кабыл алынышына өлкөдө коронавирустун кайрадан көбөйүп бара жатышы себеп болгону айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Түркиянын Ички иштер министрлиги 20-марттан тарта бир апта бою мейманкана, ресторан, мончо, коомдук транспорт, кафе, чачтарачкана, базар, мечит сыяктуу эл көп чогулган жайларды тыкыр текшерүүгө алат. Бул тууралуу Turizm Ajansi басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, мындай чукул чечимдин кабыл алынышына коронавирустун кайрадан көбөйүп бара жатышы себеп болууда.
Өзбекстанга келгендерге милдеттүү түрдө ПЦР-тест тапшыруу жокко чыгарылды
Бирок текшерүү учурунда өлкө бийлиги койгон талаптар туристтер тарабынан бузулганы аныкталса, кандай чара көрүлөрү айтылган эмес.
Эске салсак, Түркия 15-марттан тарта өз аймагына кирген туристтер үчүн жаңы эреже кабыл алган. Ага ылайык, алты жаштан жогору бардык жүргүнчүлөр Түркияга учуп кетердеги 72 сааттын ичинде Regist.Health.Gov.tr сайты аркылуу "Саякатчылардын Түркияга кирүү" формасын толтурушу керек.
Авиакомпаниялар менен турист токтогон мейманканалар форманын толтурулганын мобилдик тиркеме же кагаз жүзүндө талап кылышат.