УКМК кармаган Жогорку соттун судьясы Осмоналиев 70 млн. сом төлөп абактан чыкты

Жарандык жана экономикалык иштерди караган судья өткөн жылдын 15-декабрында УКМК тарабынан кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз байыган деп кармалган Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиев мамлекетке 114 миллион сом төлөөгө макул болуп абактан чыкты.
Тергөөнүн жүрүшүндө Осмоналиев ээлик кылган кыймылсыз мүлктөр анын мыйзамдуу кирешесинен 114 миллион сомго ашып кеткени аныкталган. Мындан улам судья күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке 70 миллион сом кайтарган. Калган 44 миллионун үч айдын ичинде төлөөнү убадалаган.
Буга байланыштуу бүгүн, 20-мартта, Биринчи май райондук соту Осмоналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, сыртка чыкпоо тил каты менен абактан бошоткон.
Шашып жатышат. Калиева аны жоопко тартууга жол ачкан чечим боюнча үн катты
Жогорку сотто жарандык жана экономикалык иштерди караган судья Камил Осмоналиев өткөн жылдын 15-декабрында УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал эми январь айында кызматтан алынган.
УКМКнын билдиришинче, тиешелүү киреше булактары жок болсо дагы судья көптөгөн кыймылсыз мүлк сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык үйлөрү, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлери, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарда коттедждери, соода борборлорунда коммерциялык объектилери жана люкс-класстагы автоунаалары бар. Булар декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШнын курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталган.