Тубаса шал оорусу менен жабыркаган жигит грант утуп, машыгуу залын оңдоп берди

Канат Абдыжапаров Улуу Британияга барып, ал жерде эл аралык сынакта грант катары эки миң фунт стерлинг утуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Азиянын чемпионатынын армрестлинг боюнча коло медалынын ээси, тубаса шал оорусу менен жабыркаган Канат Абдыжапаров Бишкек шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн машыгуу залын оңдоду.
20 жаштагы кыргызстандык бир жыл мурда социалдык ишкердик боюнча долбоорго катыша баштаган. Жарым жыл билим алган соң, майыптыгы бар адамдар үчүн спорттун жеткиликтүүлүгү боюнча долбоор жазган. Анда жеңип чыккандыгы үчүн эл аралык сынакка жолдомо алып, Азиядан чыккан жалгыз өкүл болуп калды.
1 / 14
Спорт залдын оңдолгонго чейинки жана оңдолгондон кийинки сүрөттөрү
2 / 14

3 / 14

4 / 14

5 / 14

6 / 14

7 / 14

8 / 14

9 / 14

10 / 14
Спорт залдын оңдолгонго чейинки жана оңдолгондон кийинки сүрөттөрү
11 / 14
Спорт залдын оңдолгонго чейинки жана оңдолгондон кийинки сүрөттөрү
12 / 14
Спорт залдын оңдолгонго чейинки жана оңдолгондон кийинки сүрөттөрү
13 / 14
Спорт залдын оңдолгонго чейинки жана оңдолгондон кийинки сүрөттөрү
14 / 14
Спорт залдын оңдолгонго чейинки жана оңдолгондон кийинки сүрөттөрү
Канат Абдыжапаров Улуу Британияга барып, ал жерде эл аралык сынакта грант катары эки миң фунт стерлинг утуп алды.
"Башында өзүм зал ачайын деп чечкем, бирок ал абдан татаал экен. Андан соң бир нерседен баштайын деп өзүм үч жыл машыгып, карьерамды баштаган залды ремонттоп бердим", — деди Канат.
Буюртмага муктажбыз! Сокулуктук майып усталардын өнөрү видеодо
Машыгуу залында, жуунуучу, чечинүүчү бөлмөлөрдү, даараткананы оңдоп, майып адамдар кармана турган кармоочтор орнотулган.
Канат мындан ары дагы көптөгөн долбоорлорду жазып, майып адамдардын жашоо сапатын жакшыртууну каалайт.
Абдыжапаров 2018-жылы Азия чемпионатында кол күрөш боюнча коло медаль алган. Ага чейин Бишкектин жана Кыргызстандын чемпиону болгон.