Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрине орун басар дайындалды

Аманованын аталган кызматка дайындалганы боюнча буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Кайрат Иманалиев министр болуп кеткенден кийин бул орун бош турган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Салтанат Аманова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Салтанат Аманова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Салтанат Аманова Ош шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүн жетектеп келген.
Аталган кызматты буга чейин аркалаган Кайрат Иманалиев министр болуп кеткен соң бул орун бош турган.