Марипов: Кыргызстан ден соолукка зыян товарлардан баш тартууга умтулууда

Марипов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт жана БУУ Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстан энергиянын салттуу булактарынан, айлана-чөйрөгө, адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирген товар жана тейлөөлөрдөн баш тартып, "жашыл" экономиканы өнүктүрүү жолу менен кетүүгө умтулууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
1 / 3
Кыргызстан энергиянын салттуу булактарынан, айлана-чөйрөгө, адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирген товар жана тейлөөлөрдөн баш тартып, "жашыл" экономиканы өнүктүрүү жолу менен кетүүгө умтулууда
2 / 3
Марипов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт жана БУУ Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолуккан
3 / 3
Белгиленгендей, Париж келишимин ишке ашыруу алкагында эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу астында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, анын ичинде парник газдарынын таралышын кыскартуу боюнча иш улуттук деңгээлде жүргүзүлүүдө
Марипов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт жана БУУ Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолуккан.
Белгиленгендей, Париж келишимин ишке ашыруу алкагында эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу астында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, анын ичинде парник газдарынын таралышын кыскартуу боюнча иш улуттук деңгээлде жүргүзүлүүдө.
Ал эми элчи Чарльз Гарретт үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Глазго (Шотландия) шаарында климаттын өзгөрүүсү тууралуу БУУнун Рамкалык конвенциясынын 26-конференциясы өтөрү жөнүндө маалымат берди.
"Кыргызстанда климаттык абалды жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражат тартуу максатында эл аралык климаттык уюмдардын көңүлүн бурдурууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар", — деди элчи.
Луиз Чемберлен болсо БУУӨП дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө парник газдарынын жайылуусу төмөнкү деңгээлдеги өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүп келерин, ошондой эле конференция натыйжалуу аянтча болуп каларын белгиледи.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов келерки конференцияга кыргыз делегациясы катышууга даяр экендигин кошумчалады.