Кытай вакцинасын Кыргызстан кантип тосуп алды. Сүрөт

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев гуманитардык жардам иретинде Россиядан 500 миң доза "Спутник V" вакцинасы келе турганын дагы айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстанга COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасын акысыз берип, жүк бүгүн Бишкекке алып келинди. Гуманитардык жардамды кабыл алуу аземине премьер-министр Улукбек Марипов катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 4
Кытай Кыргызстанга COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасын акысыз берип, жүк бүгүн Бишкекке алып келинди
2 / 4
Гуманитардык жардамды кабыл алуу аземине премьер-министр Улукбек Марипов катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
3 / 4
Ал эми жардамды тапшырып жаткан Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи
4 / 4
Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев гуманитардык жардам иретинде Россиядан да 500 миң доза "Спутник V" вакцинасы келе турганын айткан
"COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, бир дагы өлкө вируска каршы өз алдынча күрөшө албайт. Кыргызстан коронавирус инфекциясына каршы жеке күч-аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянуу аркылуу күрөшүүдө. Кытай мамлекети өз жериндеги жөнөкөй эмес эпидемиологиялык абалга карабастан, кыргыз элине олуттуу гуманитардык көмөк көрсөтүүсүн улантууда", — деди Марипов.
Ал эми жардамды тапшырып жаткан Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Министр КРде COVID-19га каршы вакцина акы төлөгөн учурда канча турарын айтты
"Кытайдын кыргыз тарапка вакцинаны акысыз берүү чечими эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди билдирет жана стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Вакциналар кыргыз тарапка эпидемияга каршы күрөшүүдө жардам берет деп ишенемин", — деди элчи.
Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев гуманитардык жардам иретинде Россиядан да 500 миң доза "Спутник V" вакцинасы келе турганын айткан.