Көздүн кургашы олуттуу оорудан кабар берери айтылды

Дарыгерлер көздүн ак чели менен тунук чели коллагенден турарын, алардын кургашынан ревматоиддик артрит келип чыгарын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар көздүн кургашы артриттен кабар бериши мүмкүндүгүн аныктаганын Express жазды.
Сезгенүүлөр тутумдаштыргыч ткандардын негизги компоненти болгон коллагендин иштелип чыгышына таасир этери айтылат.
Витаминдерге бай. Организмге пайдалуу деген 10 азык тизмектелди
Көздүн ак чели менен тунук чели коллагенден турат. Ревматоиддик артрит алардын кургашынан келип чыгат. Бул абалдын белгилери катары көз жакшы көрбөй, ичине бир нерсе кирип кеткендей болот жана кургайт. Ошондой эле ооз жакка жана териге жара сыяктуу темгил чыгышы мүмкүн.
Ревматоиддик артрит — тутумдаштыргыч ткандарды сезгенткен оору, мындан майда муундар жабыркайт. Илдет оор жумуш жасоодон, эмоционалдык шоктон, чарчоодон, гормоналдык өзгөрүүлөрдөн, жагымсыз факторлордун таасиринен же инфекциялардан пайда болушу ыктымал.