UFC башчысы: Хабиб Нурмагомедов карьерасын расмий жыйынтыктады

Россиялык мушкер 2020-жылдын октябрь айында Гэтжини уткандан соң карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. UFC уюмунун жеңилбес чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө спорттон кетти. Бул тууралуу промоушендин президенти Дана Уайт өзүнүн Twitter баракчасына жазганын Р-Спорт билдирди.
​Уайт муну мушкердин акыркы чечими деп атаган.
"Ал карьерасын расмий түрдө, 100 пайыз жыйынтыктады. Сенин укмуштуудай беттештериңди көрдүк. Кызматташканыбыз үчүн сага рахмат, менин досум, алдыдагы иштериңден ырахат алып жаша", — деп жазган Уайт.
Нурмагомедов 2018-жылы америкалык Эл Яквинтаны утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курун тагынган. Кийин ирландиялык Конор Макгрегор, америкалык Дастин Порье жана Жастин Гэтжи менен беттешип, наамын ийгиликтүү коргогон.
Апамды таарынтып албайын. Хабиб карьерасын улантууга үндөгөндөргө жооп берди
Россиялык мушкер 2020-жылдын октябрь айында Гэтжини уткандан соң карьерасын жыйынтыктаганын жар салган эле.
Уайт буга чейин Нурмагомедов октагонго кайра чыгарын билдирген. Анын болжолдуу атаандаштарынын ысымдары да аталган. Март айында UFC уюмунун башчысы россиялык мушкерге сентябрь айында беттешке чыгууну сунуштаса ал күлүп жооп бергенин билдирген.
32 жаштагы Нурмагомедов ММА спортунда 29 ирет беттешке чыгып, баарында тең жеңүүчү болгон.