БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ата-эне бойго жеткен, бүлөлүү болгон балдарынан моралдык жактан көз каранды болбошу үчүн өз кызыкчылыктары жөнүндө эч качан унутпашы керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине үй-бүлөлүк психолог Евгений Корчмарек айтып берди.
"Байкасаңар көпчүлүк ата-эне баласы үйлөнүп, өз алдынча болуп калганда деле бөлгүсү келбейт. Өзүмчө жашайм деген балдарына адатта апасы таарынат. Мындай учурда бала өзүн күнөөлүү сезип, эч жакка кете албайт. Бирок жаратылыш ошондой, бала чоңойгон соң анын өз жашоосу пайда болот", — деди адис.
Психологдун түшүндүргөнүнө караганда, мындай кырдаалга көпчүлүк учурда өзүн толугу менен балдарына арнап койгон ата-энелер туш болот. Алар балдары уядан учкандан кийин эмне иш кыларын билбей, кадимкидей стресске кабылышат.
"Биздин коомдо айрым адамдар өзүнүн болгон-бүткөн миссиясы ата-эне болуу деп эсептейт. Бирок Европанын жашоочуларын карасаңар, балдары чоңойгон соң өздөрү үчүн жашашат. Саякатташат, кайрадан жумуш издешет, жаңы досторду күтүшөт. Биз эмнеге анте албайбыз", — дейт Корчмарек.
Мындан тышкары, адис ата-энелерди бул куракта балдарына көп таарына бербөөгө чакырат. Анткени дүйнөдөгү эң жакын адамдарынын ыраазычылыгын ала албаган бала өзүн ичинен жемелеп, байкалбай эле чүнчүп кетиши мүмкүн.