Жаңы уюмда ат салыша турчу Бусурманкул Абдибаит уулу таразага түштү. Видео

Мелдеш бүгүн, 19-мартта, Россиянын Краснодар шаарында өтөт. Кыргызстандык атлетке россиялык Владислав Королевский атаандаш болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) уюмундагы беттешинин алдында таразага түшүү процедурасынан өттү. Анын салмакты текшерүүдөн өткөндөн кийин промоушен үчүн фотосессия жасап жаткан видеосун жергиликтүү спорттук пабликтер чыгарды.
Сулата тээп, жыга чапкан кыргызстандык ММА мушкерлеринин нокауттары
Кыргызстандык мушкер ММА спортунда 15 беттеш өткөрүп, 12синде уткан. Анын ичинен тогуз атаандашын нокаутка кетирген. Карьерасында үч ирет жеңилүү ызасын тартканы маалым.
Ал эми атаандашы Владислав Королевский 12 жолу таймашка чыгып, 8 атаандашын утуп, төрт мушкерге жеңилген.