Бишкекти бошотуш керек. Марипов жаңы шаар куруу идеясын сунуштады

Премьер-министр өлкөдө референдум өткөндөн кийин өкмөт республиканын беш жылдык өнүктүрүү планын кабыл алууну көздөп жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек башкы архитектурада" өткөн көчмө жыйында референдумдан кийин Кыргызстанда жаңы шаар куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Отурумда Бишкектин курулуш тармагындагы көйгөйлөр талкууга алынды.
Премьер-министр Улукбек Марипов
"Бүгүнкү күндө баш калаада мектеп же бала бакча курууга жер жок, ал эми көп кабаттуу турак үй салуу үчүн жер табылат. Урматтуу бизнес өкүлдөрү жана жетекчилер, муну эске алуу зарыл. Шаардын ичи күн сайын тарып бара жатат. Өкмөт референдум өткөндөн кийин республиканын беш жылдык өнүктүрүү планын кабыл алууну көздөп жатат. Ошондо жаңы шаар куруу боюнча долбоорун кароо жана ири инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн. Кошуна өлкөлөрдө административдик борборлор, жаңы инфраструктуралар бар. Мунун баары каражат, инвестициядан көз каранды", — деди Марипов.
Ал ошондой эле Кыргызстанга ири инвесторлор келүүгө ниеттенип жатканын, андыктан көпкө кармап жатып албай жана ички инвесторлорду "коркутуп" албоо керектигин кошумчалады.