Сауд Аравиясы Кыргызстанга 500 миң долларга медициналык жабдуу алып берет

Элчи Сауд Аравиясы эки тараптуу кызматташтык алакаларын жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2
Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды
2 / 2
Анда кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорт чөйрөсүндөгү маселелер тууралуу пикир алмашышты.
Анда кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорт чөйрөсүндөгү маселелер тууралуу пикир алмашышты.
Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекемделишине кошкон зор салымы үчүн элчини "Данакер" ордени менен сыйлады.
Премьер Сауд Аравиянын элчисине түз авиакаттам ачууну сунуштады
Ал эми дипломат Сауд Аравиясы жакынкы аралыкта кыргыз өкмөтүнө жардам катары болжол менен 500 миң долларлык медициналык жабдуу өткөрүп берерин айтты. 
Ошондой эле ал эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгилеп, бул алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин билдирди.
Андан соң Жапаров Сауд Аравияны маанилүү инвестициялык долбоорлордо өнөктөш болууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында жакынкы мезгилде Сауд Аравиясында эки мамлекеттин бизнес форумун жана бизнес жарманкесин өткөрүү тууралуу макулдашканы белгиленет.