Майк Тайсон май айында Майамиде беттешке чыгарын кыйытты

Мушкер атаандашынын ысымын атаган эмес. Деген менен басылма анын Эвандер Холифилд менен көргөзмө беттеш боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Майк Тайсон май айында Майамиде беттеш өткөрөрүн билдирди. Бул тууралуу boxingscene маалымат булагына таянып Р-Спорт жазды.
Мушкер ким менен күч сынашарын белгилеген эмес.
"Май айынын аягы. Канело (мексикалык боксчу Сауль Альварес) түркиялык Авни Йылдырым менен беттешке чыккан арена. 29унчу же 31-май, болжол менен ушул күндөрү", — деген боксчу.
Поветкиндин нокауту 2020-жылдын мыктысы деп табылды. Видео
Анын атаандашынын ысымы аталбаганы менен басылма мушкер мекендеши Эвандер Холифилд менен көргөзмө беттеш боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын белгиледи. Буга чейин Тайсон менен 58 жаштагы Холифилддин таймашы июль айына пландалганы айтылган.
Тайсон 2020-жылдын ноябрында Рой Жонстун кичүүсү менен беттешип, тең чыккан.
Альварес февраль айынын этегинде Майамиде Йылдырымды утуп, Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) жана Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиялары боюнча орто салмактагы дүйнө чемпиону наамын коргоп калган.