БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Коронавирустун мутация болгон жаңы штаммы Кыргызстанда табылган жок. Бул туурасында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда айтып берди.
Аткаминердин билдиргенине караганда, министрлик коронавирустун үлгүлөрүн Москва менен Новосибирск шаарларына мезгил-мезгили менен жөнөтүп турат.
"Бүгүнкү күндө көбүрөөк коркунуч жаратып жаткандары вирустун бразилиялык, британиялык жана түштүк африкалык түрлөрү болууда. Мутация болгон вирус Кыргызстанга баары бир келет, себеби биз башка өлкөлөр менен байланышта, алыш-катыштабыз. Бирок келсе дагы эмдөө баштагандан кийин, кечирээк келсе жакшы болот эле", — деди Бейшеналиев.
Министр дарылар жана жеке коргонуучу каражаттар азыркы абалда алты айга, ал эми кырдаал кыйындап кетсе 1,5-2 айга жетерин айтты.