БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөдөн биринчи иретте кимдер өтөрүн маалымдады.
Ал вакцинация боюнча улуттук программа туурасында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда айтып берди.
"Биз эмдөө боюнча улуттук программа иштеп чыктык. Биринчи иретте медиктер, мугалимдер, чек арачылар, тагыраагы, эл арасында көп жүргөн кесиптин ээлери вакцина алат. Алардан соң өнөкөт оорусу барлар жана 65 жаштан өйдө курактагыларга сайылат. Эмдөөдөн үчүнчү кезек менен каалоочулар өтөт", — деп айтты ал.
Министр эмдөөгө Кыргызстанга келген бардык вакциналар колдонуларын кошумчалады. Анын айтымында, вакцинаны каалагандар гана алат жана ал бекер болот.
Бейшеналиев буга чейин Кыргызстанга кытай өндүрүшүнөн чыккан 150 миң доза вакцина келе тургандыгын айткан эле.
Министр коронавируска каршы эмдөө марттын аягы, апрелдин алгачкы күндөрү менен башталарын билдирди.