БИШКЕК, 17 мар — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда"Жер-Үй" алтын иштетүү фабрикасы ачылып, бул тарыхый окуяга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путин күбө болду. Путин иш-чарага видеоконференция форматында катышты.
Жапаров инвесторлорго ыраазычылыгын билдирип, лицензия сатып алынгандан бери өлкө бюджетине жана бюджеттен тышкаркы фонддорго 1,5 миллиард сом которулганын айтты.
"Талас облусун өнүктүрүүгө жыл сайын миллиондогон, ал эми бюджетке миллиарддаган киреше түшөт. Албетте, нааразы болгондор дагы бар. Бирок биз абдан көп күч- аракет жумшадык, демек токтоп калбашыбыз керек. Бул долбоордун аркасы менен миңден ашык киши иш менен камсыз болот. Алардын ичинен 95 пайызынан көбү Кыргызстандын жарандары болорун айта кетейин”, — деди Жапаров.
Ал эми Путин өз сөзүндө комбинаттын ишке кириши Кыргыз-Россия экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө, өнөктөштүк мамилелерди күчөтүүгө салым кошорун белгиледи.
"Кеп Россиянын Кыргызстандын аймагындагы 600 миллион долларлык ири инвестициясы тууралуу болуп жатат. Бул жерде бардык стандарттарга жана талаптарга жооп берген алдыңкы технологиялар колдонулат. Мунун аркасы менен айлана-чөйрөгө зыян келтирбей туруп, жылына 5 тоннага жакын алтын казып алууга мүмкүн болот”, — деди ал.
Эске салсак, бүгүн эки өлкөнүн лидерлери “Жер-Үй" алтын иштетүү фабрикасын ачышты.
Жер-Үй — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.