Путин менен Жапаров "Жер-Үй" алтын комбинатын ачты

Жер-Үй — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.
Sputnik
БИШКЕК, 17 мар — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен Таластагы "Жер-Үй" алтын иштетүү фабрикасын ачышты. Путин иш-чарага видеоконференция форматында катышты.
Эки өлкөнүн башчыларынан тышкары, иш-чарага россиялык "Альянс тобунун" президенти Муса Бажаев менен ВТБ банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Костин катышты.
Бажаев эки лидердин уруксаты менен фабриканы расмий түрдө ишке киргизди.
Кыргызстандан жыл сайын канча руда, концентрат чыгып жатат. Инфографика
Көлөмү жагынан бул инвестиция Кыргыз-Россия кызматташтыгынын тарыхындагы эң ири долбоор болуп эсептелип, суммасы 600 миллион долларга жетет. Кенден жылына беш тонна алтын өндүрүү пландалып жатат.
Эске салсак, 2020-жылдын 6-октябрында Жер-Үй алтын кениндеги "Альянс Алтын" компаниясы белгисиз адамдар кирип барганына байланыштуу ишин токтоткон. Быйылкы жылдын башында ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков "Альянс Алтын" компаниясынын жетекчиси менен жолугушуп, инвестор, өкмөт жана жергиликтүү тургундардын ортосундагы талаш маселелер жөнгө салынганын билдирген.
Жер-Үй — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.