Манас Ниязов өзү ойногон "Достук" командасына каршы беттешке чыгат

Жогорку лигада алты команда таймашат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча алар "А" жана "В" тобуна бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган мелдештин жогорку лигасында бүгүн Манас Ниязов жаңы тобу "Ала-Тоо" менен мурда өзү ойногон "Достук" командасына каршы беттешке чыгат. Бул тууралуу аталган спорттун улуттук федерациясы Instagram баракчасына жазды. 
Оюн бүгүн саат 12:45ке белгиленди.
Кечээ, 16-мартта, жогорку лигадагы командалардын арасында чүчү кулак тартылып, атаандаштар аныкталды. Жогорку лигада алты команда таймашат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча алар "А" жана "В" тобуна бөлүнгөн.
"А" тобу:
"В" тобу:
Жогорку лиганын тайпалык оюндары бүгүн башталат.
Саат 11:00дө "Сары-Өзөн" – "Жаш-Күч", 12:45те "Достук" – "Ала-Тоо" командаларынын беттештери болот. Оюндар Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтөт.
Нооруз майрамына карата мелдеш Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналууда.