Бет каптар микроскопто кандай көрүнөт жана кайсынысы жакшы коргойт. 8 сүрөт

Sputnik

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун пандемия абалын жарыялаганына бир жылдан ашык убакыт өтүп калды. Абадагы вирустардан коргонуунун негизги жолдорунун бири катары адамдарга бет кап тагынуу сунушталган.

Суу астындагы кооздук. Эл аралык фотосынактагы 15 мыкты сүрөт
АКШдагы Смитсоновский институтунун окумуштуулары менен Стандарттар жана технологиялар боюнча улуттук институттун адистери бет каптын кайсы түрү адамды жакшы коргой аларын текшерип көрүштү.

Жыйынтыгында нымдуулук көп болгон учурда пахтадан жасалган бет кап синтетикадан тигилгенине караганда 33 пайызга көбүрөөк коргой турганы аныкталды.

Адистер кайсы бет кап микроскоптун алдында кандай көрүнөрүн сүрөткө тартып алышкан.

 

1 / 8
Сүрөттө полиэстер кездемесинен тигилгин бет кап. Адистер ал анча коргой албасын аныкташты
2 / 8
Окумуштуулар бет каптарды адам дем алып жаткан сыяктуу абалда текшерип көрүшкөн. Анткени абанын канчалык жакшы өтөрүн билүү керек эле
3 / 8
Пахта жана полиэстер кездемелеринен тигилген бет каптар
4 / 8
Пахта кездемеси адам дем алган маалда бөлүп чыгарган бууну соруп алып, өзүндө сактайт. Бул нерсе сырттагы инфекциянын киришине тоскоолдук жаратат
5 / 8
Нымдуулук көп болгон учурда пахтадан тигилген бет каптар 33 пайызга көбүрөөк коргой алат
6 / 8
Адистер нейлон, полиэстер, вискоза сыяктуу синтетикалык кездемелерден тигилген бет каптарды дагы текшерип көрүштү. Бири дагы коргоо жагынан пахта кездемесинен тигилген бет каптан артык боло алган жок
7 / 8
Кооз көрүнгөн бет каптардын баардыгы эле жетиштүү деңгээлге коргой албашы мүмкүн
8 / 8
Пандемия жарыяланары менен абадагы вирустардан коргонуунун негизиги жолдорунун бири катары адамдарга бет кап тагынуу сунушталган