БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду бутсанын таманындагы "тикенек тиши" менен "Кальяри" клубунун дарбазачысы Алессио Краньону бетке тээп алды. Мындай орой оюну үчүн ал татыктуу жаза албаганын Eurosport маалымат булагы жазган.
Италия чемпионатынын 27-турундагы бул беттеште Роналдунун хет-триги (бир оюнда үч гол киргизүү) менен туриндиктер 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Атаандаш команда Криштиану Роналдуну калыс беттештен четтетиши керек экенин белгилеген.
"Биздин оюнчулардын бул оюнга болгон мамилеси мени капалантты. Андан да Роналду ашкере орой оюну үчүн беттештен четтетилбестен, жеңил жаза менен гана чектелгени туура эмес болду. Бул окуя оюнду таптакыр өзгөртүшү мүмкүн болчу. Албетте, ал өтө кооптуу ойноп, биздин дарбазачынын ден соолугуна залака келтирди. Бул үчүн ал кызыл айып кагазы менен жазаланышы керек эле. Бул футболдун эрежесинде жазылган", — деген "Кальяри" клубунун президенти Томазо Джулини.
Кооптуу учур беттештин 14-мүнөтүндө катталган. 36 жаштагы чабуулчу капталдан чыгарылган бийиктеги топко буту менен жетүүгө умтулуп жатып бутсанын "тикенек тиши" менен дарбазачы Алессио Краньону бетке тепкен. Калыс Роналдуну сары айып кагазы менен жазалаган.
Эскерте кетсек, буга чейин Бразилиянын "Васко да Гама" клубунун коргоочусу Леандро Кастан "Байя" клубунун дарбазачысын бетке тээп алып беттештен куулган болчу.