Жапаров менен Путин видео көпүрө аркылуу Жер-Үй кенин ачышат

Эки өлкөнүн лидерлери шаршемби күнү Талас облусундагы "Жер-Үй" алтын иштетүү фабрикасын ачышат. Жапаров аталган аймакка иш сапары менен барса, Россия президенти видео аркылуу байланышка чыкмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 17-март күнү президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен видео көпүрөдө кезигишет. Кабарды КР өлкө башчысынын маалымат катчысы Галина Байтерек тастыктады.
Эки өлкөнүн лидерлери ал күнү Талас облусундагы "Жер-Үй" алтын иштетүү фабрикасын ачышат. Жапаров аталган аймакка иш сапары менен барса, Россия президенти видео аркылуу байланышка чыгат.
Ташиев төрт күнгө Тажикстанга барат. Талкууланчу маселелер
Видео байланыш тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилери кошумчаланды.
Эске салсак, 2020-жылдын 6-октябрында Жер-Үй алтын кениндеги "Альянс Алтын" компаниясы белгисиз адамдар кирип барганына байланыштуу ишин токтоткон. Быйылкы жылдын башында ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков "Алтын Альянс" компаниясынын жетекчиси менен жолугушуп, инвестор, өкмөт жана жергиликтүү тургундардын ортосундагы талаш маселелер жөнгө салынганын билдирген.
Жер-Үй — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.