Боомдогу адам өмүрүн алган жол кырсыгынын болжолдуу себеби айтылды

Кайгуул күзөт милициясынан билдиришкендей, машина Бишкекти көздөй бара жаткан. Кечээ күнү аба ырайынын бузулушунан жолдорго муз тоңуп, тыгын пайда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Боом капчыгайындагы адам өмүрүн алган жол кырсыкка тайгак жол себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиршти.
Жол кырсыгы кечээ, 14-мартта, саат 19:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда болгон. Mazda 626 үлгүсүндөгү унаа парапетти сүзүп кеткен.
ЖКККБнын маалыматына караганда, машина Бишкекти көздөй бараткан. Кырсыктын кесепетинен 25 жана 26 жаштагы эки жүргүнчү көз жумган.
Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. Эске салсак, аба ырайынын бузулушунан жолдорго муз тоңуп, Боом капчыгайында унаа тыгыны жаралган.