БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бразилиядан чыккан UFC мушкери Жессика Андраде Валентина Шевченко менен боло турчу беттеши тууралуу оюн айтты. Бул тууралуу Sherdog порталы жазды.
"Валентина биздин спортто өтө коркунучтуу атаандаш экенин айтып келем. Ал октагондо күчтүү, шамдагай, күтүүсүз аракеттерге барат. Шевченко төрт тарабы төп келишкен спортчу, бирок ММА өтө кызык нерсе. Таамай тийип, эстен оодарган нокауттар биз ойлобогон учурда болуп кетет", — деген мушкер.
Мурдагы чемпион Андраде Шевченконун "алсыз жактарын" пайдалануу менен наамын тартып алууну ойлоп жатканын жашырган эмес.
"Шевченконун алсыз жактары — менин күчтүү тарабым. Ал контрчабуулга өткөндү, аралыкты сактаганды жана туруп беттешкенди жакшы көрөт. Мага болсо кол салып, качырып, бастырып согуп, көтөрүп чапкан жагат. Курду тагынып, бонуска жетериме ишенип турам", — деген Андраде.
Кыргызстандык мушкер, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасындагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мурдагы чемпион Жессика Андраде менен 24-апрелде UFC 261 турниринин алкагында беттешет.
Кармашта кыргызстандык спортчу наамын бешинчи ирет коргомокчу. 52 килограмм салмакта мурда чемпион болгон Андраде жакында эле Шевченконун салмагына — 57 килограммга өттү. Бул дивизиондун чемпиондукка талапкерлеринин тизмесинде бразилиялык спортчу биринчи орунду ээлеп турат.